Menu

Эмгек мигранттары

Орусияда аскерге барбаган борбор азиялыктарга 20дан ашык кылмыш иши козголду

Москвада аскерге барбаган борбор азиялыктарга каршы 22 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Кеп буга чейин орус жарандыгын алган адамдар тууралуу болууда. Учурда укук коргоо органдары аларды издеп жатканы кабарланды. Эгер ал борбор азиялыктар чындап эле аскерге баруудан баш тартса, жарандыктан ажыратылат.

Буга чейин жарандык алган 80ден ашуун адам Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөө үчүн жиберилгени маалым болгон.

Ишемби күнү Тергөө комитетинин басма сөз кызматы аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуу фактысы боюнча 12 кылмыш иши козголгонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, аскер курагындагы 12 борбор азиялык Орусиянын жарандыгын алып, бирок октябрда чакыруу боюнча аскердик комиссариаттарга барышкан эмес. Буга байланыштуу полиция кызматкерлерине аларды издеп табуу тапшырмасы берилген.

Ушул жылдын аягына чейин аскерге 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар чакырылат. 2024-жылдын 1-январынан тарта аскерге чакыруу мөөнөтү 30 жашка чейин узартылат.

Орусиянын Кылмыш кодексинде аскерде кызмат өтөөдөн баш тартуу үчүн эки жылга абакка кесүү жазасы каралган.

Быйыл жай айында Орусияда мигранттарга каршы рейддер күч алган. Мамлекеттик Думада “армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу” мыйзам долбоору сунушталган.

Орусиянын атуулдугун алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү Москва Украинага согуш ачканда башталган.

Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет.

15 жыл дайынсыз болуп, бир казактын малын багып жүргөн кыргыз жубайларга убактылуу паспорт берилди

15 жыл дайынсыз жүргөн кыргызстандык жубайларга убактылуу паспорт берилди. Алар 19-октябрга караган түнү Кыргызстанга келгенин журналисттерге бир тууганы Элмира Рыскелдиева билдирди.

“Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна рахмат. Агам чек арадан өтүп келатып “Кыргызстан” деп кыйкырып, баарыбызды ыйлатты. Азыр жаныбызда. Эми апасы, бир туугандарынын жанында болот”,- деди Рыскелдиева.

Буга чейин ЖМКлар 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунда табылганы тууралуу маалыматтарды жарыялашкан.

Анда алар казак айылдарынын биринде бирөөнүн малын багып, короо-жайын карап жүргөнү, үч жолу казак полициясына кайрылып жардам сураганынан майнап чыкпаганы айтылган.

Жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, жубайлардын паспортторун калыбына келтирип, мекенине алып келүүгө жардам сурашкан.

Азыр Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу ыктымал экени айтылып келет.

Германия Кыргызстан жана Өзбекстан менен мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча келишим даярдоодо

Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн алты мамлекет, анын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстан менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө.

Бул мыйзамсыз мигранттарды мекенине тез кайтарууга шарт түзөт.

Gazeta.uz билдиргендей, Германия өкмөтү Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения, Колумбия жана Кыргызстан менен мыйзамсыз мигранттарды мекенине тез кайтарууну караган миграциялык өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы Ички иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен кабарлаган.

Басылма Борбор Азиянын эки өлкөсү менен сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылганын белгилеген. Майдын башында Өзбекстан менен, сентябрдын аягында Кыргызстан менен меморандумга кол коюлган.

Кеп мыйзамсыз качкындардын санын кыскартуу менен катар Германияга мыйзамдуу иммиграцияга мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө болуп жатат.

Орус абагындагы балдарын экстрадициялоону сурангандар Жогорку Кеңеш алдына чогулушту

Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктардын жакындары Жогорку Кеңештен аларды мекенине экстрадициялоо маселесин чечип берүүнү суранууда.

18-сентябрда 30дан ашык киши парламент имаратынын алдына барып, депутаттарга кайрылуусун калтырышты.

Кайрылууда алар уулдарын абакта кармоо тартибин өзгөртүп, мекенине алып келип берүү өтүнүчүн жазышкан.

“150дөн ашык ата-эне күнүгө өкмөттүн эшигин каккылап келатабыз. Азыр орус-украин согушунан улам балдарыбызды үгүттөп, документке кол койдуруп, макулдугун алып, Украинадагы согушка алып кетип жатышат. Жаштыгы менен алардын айрымдары макул болуп, эркиндикти эңсеп, кетүүгө мажбур болууда. Аларды азыр жалпы режимдеги абактарда кармап жатышат. Биз катуу режимде кармоону кайра кайтарып, тезирээк экстрадициялоону суранып келатабыз, – деди чогулгандардын бири Арзыкан Ахунова.

Алар буга чейин президентке, УКМКга жана Жогорку Соттун төрагасына да кайрылганын айтышты.

Орусиянын түрмөлөрүндө миңден ашуун, тергөө абактарында да ошончо кыргызстандык бар экени парламентте айтылган.

“Вагнер” жалданма тобу аркылуу түрмөдөн Украинага кетип жаткан мекендештер боюнча маселени Жогорку Кеңештен депутаты Жанарбек Акаев да көтөрүп, Башкы прокуратураны ыкчам чара көрүүгө чакырган.

Орусиянын түрмөлөрүнөн жыл башынан бери 35 кыргыз жараны мекенине экстрадиция болгонун 20-июлда Башкы прокуратуранын өкүлү Назарбек Кенжеев маалымдаган.

Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялык мигрант ажал тапты. Темир тордон чыгып, эркиндик эңсегендер “вагнерчилердин” азгырыгына оңой кирген. Айрымдары басымга кабылган.

Буга чейин журналисттер орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, анда 3 кыргыз жараны болгондугу такталды

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

Окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгону, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасын сүзүп, кулап түшкөнү маалымдалды.

“Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта төрт адам болгон. Алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир кыргызстандык ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатында жолго чыгышты”, – деп билдирди мекеме.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы төрт адамдын үчөө кыргызстандык, бирөө түрк жараны экенин ырастады:

“Жалпысынан экипажда төрт кызматкер бар болчу. Үчөө кыргызстандык, бирөө түркиялык. Кыргыз кызматкер куткарылды, учурда ооруканада, абалы жакшы. Түнү менен калган үч кишини издөө иштери уланды. Таң атпай суучулдар тик учактын түшкөн жерин аныкташты”.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөндөр деген маалымат айтылууда.

Кыргызстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер 2023-жылдын июль айында мекенине 145.9 млн доллар которгон. Бул май айына караганда 17.9 млн долларга аз.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (132.2 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук банк башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1.7 млн доллар каражат которулганын билдирди.

Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107.3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 31,5 пайызга же 510.8 миллионго аз.

Ошол эле учурда июль айында жеке адамдар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 30 млн доллар которушкан. Мында Орусияга 28 млн доллар, алыскы өлкөлөргө 1.1 млн доллар которулган. Азыраак бөлүгү Казакстан менен башка өлкөлөргө чыгарылган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жети айда жалпысынан 286.8 млн доллар акча Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 188.8 млн долларга аз.

Кыргызстандын 7 млн калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жана теңинен көбү орус жарандыгын алган.

Мечиттердеги рейддер: Орусияда мигранттарды кармоо уланууда

Орусиянын бир катар шаарларында полиция кызматкерлери жума намаздан кийин эшиктерди жаап, мечитке келгендердин документтерин текшерди.

Мындай рейддердин жүрүшүндө жакында эле Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоого тура элек эркектер аныкталган.

Полициячылар аларга жеринде армияга чакыруу кагазын тапшырып же дароо аскер комиссариатына алып кетишти.

“Намазга келгендердин баарын текшеришти. Орус паспортунун ээлерин өзүнчө тизмеге алып, эки күндөн кийин аларды аскер комиссариатына келүүгө милдеттендиришти. ОМОНчулар Орусияда убактылуу жашоого уруксаты бар адамдардын документтерин сүрөткө тартып алышты. Ал эми документтеринде маселе бар мигранттарды полиция бөлүмүнө алып кетишти”, – деди тажик мигранты.

Жыл сайын ондогон тажик жараны Орусиянын жарандыгын алат. Алардын көбү эмгек патентине акча төлөбөө, полициянын зомбулугунан сактануу үчүн орус паспорту керек экенин жашырышпайт. Орусиянын Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, быйыл январь айынан июнь айына чейин 87 миңге жакын тажикстандык орус жарандыгын алган. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчкө караганда 13 миңге көп. Күн сайын 500гө жакын тажик жараны орус жарандыгын алат.

Укук коргоочулар жана эксперттер Орусиядагы кырдаал туруксуз экенин жана Орусиянын көптөгөн “жаңы жарандары” жакын арада Украинадагы фронтко аттанышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Укук коргоочулар кош жарандыгы бар мигранттарга бул өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө кеңеш беришет. Бирок мигранттардын көбү ишсиз калуудан коркуп, Орусияда калууну эп көрүшөт.

Аксынын Кош-Дөбө орто мектебине Америкада таксист болуп иштеген мурдагы окуучусу 100 ноутбук сатып берди

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Темиркул Мавлянов атындагы Кош-Дөбө орто мектебине анын бир кездеги бүтүрүүчүсү, азыр АКШда таксист болуп иштеп жүргөн Базарбаев Абдыманап 100 ноутбук сатып берди. Бул тууралу мектептин кызматкери Сабыр Хайдаров билдирди.

Мектепке ноутбуктарды Базарбаев Абдыманаптын атасы  Сүйөров Бакир тапшырды.

Базарбаев Абдыманап Кош-Дөбө орто мектебинде 2003-2014-жылдары окуган, 2014-2018-жылдары тиш дарыгерликке окуп кесип алган, 2018-2021-жылдары Россияда эмгек миграциясында жүрүп, 2021-жылы жайында АКШга эмгек миграциясына кеткен.

 

Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

Август айына карата Орусиянын “кара тизмесине” кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп.

Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.

Быйыл майда Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.
Миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн ачылган.
Августта Орусиянын бир катар шаарларында мигранттарга каршы рейд өтүп, полиция аларды кармап кеткен видеолор социалдык тармактарда тарады. Орус жарандыгын алган мигранттарга аскер комиссариатына чакыруу тапшырылган, жүздөгөн киши кармалган.
Орусиянын бардык аймактарында июндун соңунда да “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.
Августтун аягында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Москвада жолугушкан учурда мигранттар маселесин көтөргөн.
Жаманбаева Орусиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, “кара тизмеден” чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселелерге туш болуп жатканын айткан. Айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгилеген.
Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Петербургда орус жарандыгын алган 100гө жакын мигрант аскер комиссариатына жеткирилди

Полициянын Санкт-Петербург шаарынын түштүгүндөгү эки күндүк рейди учурунда орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган 100гө жакын мигрант аныкталып, аскер комиссариаттарына жеткирилди. Бул тууралуу РБК басылмасы ИИМдин Ленинград облустук башкармалыгына шилтеме кылып кабарлады.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында 400дөй чет элдик жаран аныкталды. Алардын ичинен жүзгө жакыны Орусиянын жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаса, 55и миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн. Жасалма документтерди көрсөткөн бир мигрантка кылмыш иши козголду”, – деп жазылган полициянын билдирүүсүндө.

Бул рейдден кийин Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев “Орусиянын жаңы жарандарынын укуктары гана эмес, милдеттери да болушу керектигин” билдирди. Ал мигранттарга жарандык берүүдө аларды дароо аскердик каттоого алууну сунуштады.

Бир нече күн мурда Петербургдун тургундары аскердик комиссариатка чакырган СМС-билдирүүлөр келип жатканын билдиришкен. “Ротонда” басылмасы чынында эле мындай билдирүүлөр орто адистик билими бар жаштарга жөнөтүлгөнүн аныктаган.

“Аларды күзгү аскерге чакыруу өнөктүгүнүн алдында маалыматтарын салыштырып, тактоо үчүн чакырып жатышат. СМС билдирүүлөр электрондук аскерге чакыруу эмес. Келбегендер жоопкерчиликке тартылбашы керек”, – деген басылманын шаардык администрацияда иштеген булагы.

Күн мурун Чебоксары жана Новочебоксарск шаарларында Орусиянын жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган бир нече чет өлкөлүк кармалып, аскердик комиссариатка жеткирилгени кабарланды. Аскердик каттоо боюнча милдеттерин аткарбаганы үчүн аларга 500дөн 3 миң рублге чейин административдик айып пул салынышы мүмкүн.

Меню