Menu

Кыргызстан-Казакстан

Кыргызстан Түркмөнстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганын билдирди.

Анын айтымында, өлкө ГЭСтерден 11 млрд. 500 млн. кВт/саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 млрд. электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы чет жактан импорттолот.

“9 айдын ичинде 9,3 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 1,4 млрд. кВт/саат электр энергиясына аз. Анткени сууну үнөмдөп атабыз. Импорт боюнча: Түркмөнстандан электр жарыгын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Азыр 1 млрд. 800 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Казакстандан да электр жарыгын алуу боюнча контракт түзүлгөн. Бул өлкөдөн 241 млн. кВт/саат электр энергиясын алдык. Мындан тышкары 2023-жылдын биринчи кварталында 600 млн. кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүү бар”.

Бакыт Төрөбаев энергетика тармагындагы оңдоо иштеринин 95% бүткөнүн, 1-ноябрга чейин толук бүткөрүлөрүн билдирди. Ал мындан тышкары Кыргызстанда күз-кыш мезгилине карата 2 млн. 994 миң тонна көмүр керектелерин билдирди. Анын ичинен 1 млн. 237 миң тонна көмүр калк үчүн, бюджеттик мекемелерге 257 тонна, Бишкек ЖЭБине 1 млн. 500 миң тонна көмүр керек. ЖЭБде 253 миң тонна гана көмүр бар.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган автоунаалардын кезеги көбөйдү

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Кең-Булуң автожол” өткөрүү бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги көбөйдү. Мамлекеттик чек ара кызматы 50гө жакын машине турганын, аларда жүк жоктугун  кечээ, 14-августта  маалымдады. Өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышынын негизги себеби катары туристтик сезонго байланыштуу жүргүнчү ташуу жана сезондук азыктарды ташуу көбөйгөнү айтылууда.

Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жоктугун, абал туруктуу экенин билдирди.

Кыргыз-казак чегинде “Ак жол”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү бекеттери бар.

Чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны буга чейин да бир канча жолу катталып, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өткөн.

ЕАЭК Нур-Султанды кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюуга чакырды

Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасына барып, өткөрмө бекеттердин иши менен таанышып келишти. Бул тууралуу 9-июнда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө “Кордай” жана “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери иштеп, бардык жүк ташуу унааларына карата салык чараларын көрүп жатканы аныкталган. Бул Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тууралуу келишимдин бардык нормалары менен негизги принциптерине каршы келет.

Экономика министрлиги чек арадан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны боюнча Казакстандын Чек ара кызматы менен Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматтарында айырмачылыктар бар экенин аныкталганын билдирди.

“Делегация казак тарап берген маалыматтар туура эмес жана күмөндүү экенин, анын үстүнө алар кыргызстандык экспортерлордун беделин түшүрүү максатында фальсификация катары каралып жатканын белгиледи. Бул фактыларды эки тараптын жүк ташуучу айдоочулары да айтышкан”, – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында делегация казак тарапты ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормалары менен жоболорун сактоого, ошондой эле чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырышкан.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең ЕАЭБдин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Бирок майдын башында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети айрым кыргыз ишкерлери жетишилген макулдашуулардан пайдаланып, Казакстанга аткез жүктөрдү алып кирүү боюнча “өз схемаларын” ишке ашырып жатканын билдирген.

Майдын аягында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкекте жолугуп, чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашкан. Бирок андан бери өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйгөнү кабарланууда.

Жапаров менен Токаев чек арадагы тыгындарды болтурбоону макулдашты

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу Жапаров Бишкекте өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

“Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик”, – деди Жапаров.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну “соода согушу” деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Бишкек “Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат” деп айыптаган. Өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти менен Казакстан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим
  3. 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  5. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы
  6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Түркестан облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
  11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  12. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучулардын маселесин 19-апрелде талкуулайт

Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы кезекте турган жүк ташуучу машинелердин маселеси боюнча кескин чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме өткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри, соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусунда макулдашылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Москва шаарында жолугушкан. Анда Кожошев Казакстан менен болгон макулдашуу ишке ашпай жатканын айткан.

“Биз документтери туура эмес же такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө”, – деди Кожошев.

15-апрелде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Дастан Дуйшекеевди кабыл алып, кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселеси талкууланган.

11-апрелде Казактандын чек арасындагы “Ак-Тилек-Карасу” өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машиненин тыгыны пайда болгон. Казакстан тарап анын себебин түшүндүрө элек.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдаштырып, түйшүк жараткан учурлар көбөйдү.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

"Ак-Тилек-Карасу" өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машине кезекте турат

Казактандын чек арасындагы “Ак-Тилек-Карасу” өткөрмө бекетинде ушул тушта 300дөй жүк ташыган машине кезекте турат.

Айдоочулар алты чакырымга созулган кезекти өздөрү көзөмөлдөп жатышат. Алардын айтымында, чек арадагы абалдын себебин эч ким түшүндүргөн эмес.

Айдоочу Николай Дмитриченконун машинеси “Ак-Тилек” өткөрмө бекети тараптагы алты чакырымга созулган узун кезектин аягында турат. Ысык-Көлдөн Орусияга алма ташып бара жаткан айдоочу таң атканча 200 метр гана жылганын айтууда.

“Таңкы алтыдан бери түшкө чейин ордуман жылган жокмун. Жүктөп бара жаткан 22 тонна алма чирип кетпеш үчүн муздаткыч иштеп турушу керек. Ага суткасына 70 литр солярка сарпталат. Анын ар бир литрин 63 сомдон эсептеңиз. Суткасына беш миң сом короп жатат. Мындан тышкары тамак ашым бар. Аны ким төлөп берет? Бул жерде турбаганда үч суткада Орусияга кирип бармакмын”.

Казакстан 11-апрелден тарып Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек ара чектөөлөрүн алат

Казакстан 11-апрелден тарып өз жарандары менен чет өлкөлүктөр үчүн кургакта жайгашкан чек ара чектөөлөрүн жоёт. Жергиликтүү басылмалар казак өкмөтүнө шилтеме берүү менен бул чечим туруктуу эпидемиологиялык жайдайга байланыштуу кабыл алынганын кабарлашты.

Маалыматка караганда, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги чектөөлөр алынат.

Мындан тышкары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба жолдору аркылуу өтүүгө коюлган бардык чектөөлөр да жоюлат. Бирок коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү, ревакцинация тууралуу документ же ПЧР тесттин терс натыйжасы талап кылынат.

6-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу чек ара маселесин талкуулаган. Жапаров Токаевден чек араны Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына чечүүнү өтүнгөн. Казак президенти бул жаатта тийиштүү органдарга тапшырма бере турганын билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттери коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын жаз айынан бери жабык турат. Кыргызстандын жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана бара алышат. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүшөт.

Кыргызстандан Россияга Казакстан аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тарап макулдугун берди

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү.

Негизги макулдашуулардын бири катары 2022-жылдын 21-февралынан тартып Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тараптын макулдугу болду.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казак тарап менен жетишилген макулдашууларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу жөнүндө  россия тараптын макулдугун алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн болорун белгилейбиз.

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер иштей баштады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштей баштаганын маалымдады.

Ага ылайык, “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Чоң-Капка”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” чек ара бекеттери 17-январь 17:00дөн баштап жарандарды жана автоунааларды эки тарапка тең чектөөсүз өткөрө баштады. Бирок, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын Казакстанга өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кыргызстанда жүргөн казак жарандары жана Казакстанда жүргөн казак жарандары аталган бекеттен өтө алат. “Каркыра” өткөрмө бекетинен Кыргызстанда жүргөн казак жарандары өтө алышат.

Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин маалымдады. Жүк ташыган автоунаалардын тыгыны жок.

Коңшу өлкөдөгү соңку саясий окуялардан улам өткөн аптада айрым чек ара бекеттери убактылуу жабылып, кайра жарым жартылай ачылган, жүк алып өтүү сээлдеген жана кээ бир жерлерде казак тарапка жүк ташыган автоунаалардын тыгыны байкалган.

Меню