Menu

Сания Токтогазиева

Ички иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду

Жарандык активисттер телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда.

Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист тараткан билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү негиз берген.

Тергөө кызматы жүздөн ашуун адамдын иши былтыр 5-октябрдагы Ак үйдү басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын сотко маалымдаган. Тергөө кызматы сотко берген жүздөн ашуун оппозициялык маанайдагы адамдардын ичинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар да катталганы белгиленген.

Кайрылууну активисттер “Фейсбукка” жарыялап, токтом конституциялык укукту бузуп, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болорун белгилешкен.

“Биздин телефондор 6-январдан бери тыңшалып келе жатат. Тизмедеги жарандардын көпчүлүгү бийликтин саясатын сындаган активисттер. Бул жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат алуу максатында тыңшоо – куугунтук болуп саналат. Токтом чыгарган судья Ч. Бердимуратов тергөөчү тарабынан сунушталган тизмедеги адамдардын иликтенип жаткан ишке тиешеси бары-жогун териштирбей туруп бул кадамга барган”, – деп белгилеген активисттер президент Садыр Жапаровдон бул фактыга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

Алардын ичинде ИИМ министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алуу, ал эми тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык калайманды уюштуруу, мамлекеттик мекемелерди басып алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир катар жарандык активисттер суракка чакырылып, саясатчы Жеңиш Молдакматов жана башка адамдар кармалып, камалган.

Чек ара: Эл аралык кылмыш соту кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады

Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокуратурасы кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады. Бул тууралуу юрист, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү Сания Токтогазиева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Юристтер Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен 6-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдошкон.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланган.

Кыргыз-тажик чек арасы: активисттер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышты

Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган кат Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна жиберилди. Бул тууралуу юрист, укук коргоочу Сания Токтогазиева билдирди.

“Бүгүн, Рим статутунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем”, – деди юрист.

Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню