Жогорку Кеңештин сандык, акыл-эстик жана интеллектуалдык сапаты бүгүнкү күндө баарына белгилүү. Мындай пикирин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн Бишкек шаарындагы өткөн “Атамбаев. Конституция. Кайран элим, кайда баратабыз?” аттуу төгөрөк үстөлдө билдирди. Анын айтымында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюп берген депутаттардын түшүнүгү чектелүү эле.
“Текебаев айтып жатат “Акаев менен Бакиевдин кезинде да депутаттар көрбөй туруп кол койгон эмес” деп. Мен ага жооп катары айтат элем – бүгүнкү депутаттар мыйзам долбоорун окуган менен баары бир түшүнбөйт да. Алар азыркы деңгээли менен эмнени түшүнмөк эле?”, – деди Мадумаров.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ