Бүгүн, 16-августта, саат 12лер чамасында Ысык-Көлдүн аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Чолпон-Атада унаа жолу жабылып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратты. Маалыматка караганда транспорт каражаттарынын кыймылы жарым сааттай убакыт токтоп калган. Селден бир топ дүкөн жана кафелер да жабыркагандыгы айтылууда.
Булак: kyrgyztimes.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ