Menu

Памирбек Казыбаев, «Алыкул үй-борбору» коомдук бирикмесинин директору: «Экс-спикер Муратбек Мукашев Алыкул үчүн жардамын аябады»

Бөлүшүү:

Мамлекет экономикалык жактан каржалып, адабиятка, искусствого көңүл бурушту мындай кой, бу тармакты эстеп койгонго жарабаган азыркыдай шартта «жылаңач баатыр» боло белсемдүү иштерди аткаргандар четтен саналат. Мындай катмарда алп акын Алыкул Осмонов боюнча ат көтөргүс иштерди эч кимге колко кылбай келе жаткан бир азамат бар. Ал Памирбек Казыбаев. Мындай инсан менен биздин баарлашуу да ушул жааттан башталды.

– Памирбек мырза, менин билишимче, сиз отуз жылдан бери Алыкул Осмонов боюнча омоктуу иш жасап келатасыз. Башкаларчылап утурумдук же мааракелек жана башка тийди-качты мамиледе эмес, туруктуулук менен «алыкултаануунун» айдыңы астында талыкпай улам бир бийиктикти багынтуудасыз… мунун сыры эмнеде? Же эң башкысы туугандыкпы, уруулаштыкпы? Ушулар жөнүндө ой бөлүшсөк дейм…

– Ооба, Алыкул менин тууганым, кандашым. Анткени ал өзү айтмакчы, кыргыз акыны, экөөбүзгө окшогон карапайым калктын кадырын билген, аны жогору көтөргөн жана сыйлай билген акын. Уруулаштык жагына келгенде да жакынбыз – адабият деген журтта биргебиз. А эң башкысы, Алыкул чынчыл, адилет жана «Манас» баштаган элдик оозеки адабиятыбыздын булактарын дүйнөлүк, классикалык поэзиянын үлгүлөрү менен шумдуктай тогоштурган мээнеткеч жана алп экендиги менен өңгөнү билбейм, мени өзүнө чакырып, тартып турат деген жообума ынанаарсың. Былтыр октябрь айында Түркиядагы «Алыкул 100» иш-чараларына катышууда Амасия шаарындагы университеттеги конференцияда сүйлөөгө туура келди. Китеби эми түрк тилине которулган акын боюнча мааракелик мактоолордон башканы укпаган аудиторияга Алыкул жөнүндө кыска-нуска, алты ооз кеп айтыштан башка арга жок эле. Карасам сахна төрүндө Мустафа Кемалдын, андан бери Алыкулдун портрети илинип турат. Ошондо экөөнүн элине жасаган иштери негизиндеги төмөнкү салыштыруумду айттым: «Ататүрк алты жүз жылдык эски Осмон империясынан жаңы Түрк Республикасын түптөп, азыркы дүйнөдөгү өнүккөн 20 мамлекеттин катарына киргизгенге шарт түзсө, Алыкул кыргыз поэзиясынын эзелки башаты «Манас» эпосу башында турган элдик оозеки адабияттын негизиндеги классикалык кыргыз поэзиясына жол ачканы менен айырмаланат, баркталат, даңкталат» дегенимде залдагылардын бардыгы, кыргыз жана түрк студенттери дүркүрөтө кол чаап, мойнумдагы оор ташты алгандай эле сезимде калганымды кантип унутайын?

– Ошол чыккан китепке да тиешеңиз болгондур…

– Тексттерин тандоо, кыргыз-түрк котормочуларын байланыштыруу жана фотоматериалдар менен камсыздоо иштерине көмөктөштүк. Бирок булар жөнүндө чыккан китепке эч бир маалыматтын жоктугу ТҮРКСОЙдогу кыргыз өкүлчүлүгүнүн кемчилиги. Мындай унутчаактык Кыргыз ИА тарабынан чыгарылган «Алыкул» энциклопедиясында да кайталанганына таңданбай деле калдык. Экөөндө тең «Алыкул үйү-борборунун» даректери жазылбай кала бергени автордук укуктун сакталышы да.

– Айтмакчы, ушул коомдун иши жөнүндө да айта кетсеңиз…

– Албетте. Алыкул Осмонов боюнча жасалып келаткан иштердин баардыгы ушул коомдук бирикменин туусу алдында турмушка ашууда. Акындын Бишкектеги жана Чолпон-Атадагы үй-музейлеринин ачылышы, «Мезгил жана Алыкул» көркөм тасмасын тартууга көмөктөшүү, «Жолборс терисин жамынган баатыр» котормосунун кийинки чыгарылыштарын 1940-жылдагы басылмасына салыштырып, текстологиялык редакциялоо менен 7-жана 9-басылмаларын чыгартуу, 200 сомдуктагы ката жазылган ыр тексттерин Улуттук банкка оңдотуп, Лондондон кайра бастыртуу, кыргыз, орус, англис тилдериндеги буклеттерди, бир нече календарларды чыгартуу, «Кыргызфильмде» 2015-жылы тартылган «Алыкул» документалдык тасмасынын сценарийи өңдүү иштер.

– 1990-жылы чыккан «Мезгил жана Алыкул» китебиңиз өтө көп окулган, кызыктуу фактылары жана фотолору көп басылма экенин бала кезимде эле ыраматылык, бейиши болгур китепканачы апамдан уккам…

– Жакшы экен. Негизи мурда китепканалар илим-билимдин, маданияттын очогу болгондуктан, кызыл үй же агартуу борбору деп эсептелчү да. Чоң энең Жеңишкан акындын аяш кызы, ал эми таятаң акындын Чолпон-Атадагы досу Курманбай эмеспи…

– Ооба, ошондой.

– Анда экөөбүз Алыкул аркылуу тууган болот турбайбызбы, ээ? Тамаша, албетте. Бирок акынды көргөн-билгендер мен үчүн кымбат, жакын адамдар экенин айтып коюшум парз.

– Китебиңиздин экинчи басылышынан Жеңишкан апам менен түшкөн сүрөттү көргөндөгү кубанычты айтпаңыз. «Алыкултаануучу» катары көп кишилердин сыр сандыгын ачтыңыз. Ошолордон айтып бербейсизби?

– Сен айткан китеп 2006-жылы жарык көргөн. «Алыкул 100» урматына карата толукталган вариантын чыгарууга убактым жетишпей калды. Анын үстүнө купулума толгон табылгалар деле анчалык эмес эле. Эми юбилейден соң жаңы мазмундагы же башкача түрдөгү «Мезгил жана Алыкулду» көңүлүмө бышырып жүрөм. Колдон келип, шарт жарашса эмне үчүн Алыкулдун өмүрүн накта көркөм тасмага тартууга болбосун? Ага да убакыт, сааты келер, буюрса.

– Ылайым тилегиңиз ишке ашсын. Негедир «Алыкул» аттуу кемеңиздин дайыны чыкпайт да…

– Кеме меники эмес, «эти сеники, сөөгү меники» дегендей, аталышы гана мага таандык, 2009-жылдан бери. Ошондон бери мурда жүк ташыган кеме жүргүнчүлөргө, туристтер менен эс алуучуларга ылайыкталып оңдолуп, жасалгаланууда. Бул өтө оор жана каражатты көп талап этчү иш экен. Буюрса, жакын арада «Алыкул» ак толкундарды жирей сүзүп, көлдүн эки жээгине көпүрөлүк милдетин өтөй баштамакчы. Аны менен бирге Алыкул – Ысык-Көл байланышы да жаңы тилкеге өтмөкчү.

– Акынга тиешелүү иштердин бардыгына каражатты кайдан табасыз? Акын үчүн чарбадар да, чыгармачыл катчысы да болуу оңой эместир. Анын үстүнө эч кандай айлык акы же материалдык жардам албай иштөө деген азыркы заманга дегеле жарашпас, ойго келбес көрүнүш да…

– Эң туура байкапсың. Отуз жылдан берки «алыкултаануу» ишиме көмөктөшкөн негизги өнөктөштөрүм менен башкы демөөрчүлөрүмдү атабасам жарашпас. Алыкул аталышына өзүм демилгечи болгон Бишкектеги №68 жана Токмоктогу №8 орто мектептердин жамааты, жалпы эле күйөрмандары. Бишкектеги үйүн оңдоодо, Чүй облусундагы короо жайын кеңейтүүдө экс-депутат, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, алп акын Алыкулдун анык күйөрманы Муратбек Мукашев, «Мезгил жана Алыкулдун» 2-басылышын каржылагандар Бишкек мэриясы менен жеке ишкер Туратбек Андашев. Айтмакчы, дал ушул ишкер «Алыкул» кемесин даярдоодо. Ал эми Чолпон-Атадагы балдар санаториясындагы үйүн музейге айландырууда мурдагы саламаттык сактоо министри Ш.Ниязовдун, фотожурналист, Алыкул үчүн ар дайым эбегейсиз аракетин жасап жүргөн Бактыбек Асанбаевдин жана Чолпон-Ата шаардык мэриясынын мээнеттери зор. Ал эми «Жолборс терисин жамынган баатырдын» 9-чыгарылышына Адахан Мадумаровдун, Бишкектеги үй-музейинин жанына салынып жаткан «Алыкулдун ыр өргөөсүн» көтөрүүдө калкты жумуш менен камсыз кылуунун шаардык башкармалыгы, жетекчиси Б.Усупбеков жана бийиктиги 4060 метр «Алыкул пигине» чыккан мурдагы альпинист, азыркы мушкер Ю.Башмановдордун ысымдарын таазим этүү менен атамакчымын. Ал эми азыркы улуттук китепкана алдындагы Алыкул эстелиги да биздин сунуш, демилге менен биринчи президенттин колдоосунда скульптор Т.Садыков тарабынан жасалып, 2001-жылы коюлган.

– Ушул үч багыттагы эмгектериңиз үчүн мамлекет тарабынан кандай наам, даража же башка урмат-сыйларга ээ болдуңуз?

– «Манас 1000» медалы, «Венгрия маданияты үчүн» медалы жана КР Жазуучулар союзунда Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы.

– Маегиңизге рахмат! Адабияттан алыстап бараткан азыркыдай алкеш-чалкеш заманда Алыкул күйөрмандарынын жаңы мууну сиз чапкан жолду дагы улантсын, ийгилик каалайм.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: