“Албек Ибраимов эки жума ойлонуп, бийлик менен макулдашып Акипресстен мага жооп бериптир. Бирок, кайра ал сочинениесин Акипресстен алып салышты. Тупой ответ. Бирок биз көчүрмөсүн алып калдык. Анда мен айткандардын баарын танып жатат, бирок, өзү берген интервьюда байкабай анын баарын тастыктап берип жатат”, – деп билдирди бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйын өткөргөн депутат Өмүрбек Текебаев.
“Генералдык прокуратура Текебаевдин Атамбаев тууралу айткандары тастыкталбады деп жыйынтык чыгарыптыр. Бирок, Атамбаев үй салып жаткан Кой-Таштагы жер Максим Бакиевдин “Архстрой” компаниясына караштуу экенин унчукпай коюшкан. Чынында бул далилденген факт. Алмаз Атамбаев Максим Бакиевдин жерине үй куруп жатат. Мен муну дагы айтам, бул далилденген факт. Албек Ибраимовду Атамбаев “Дастан” заводуна директор кылып жөнөтсө ал Бакиевдер даярдап койгон 12 торпедону 16 миллиард сомго саткандан башка иш кылган жок”, – деди Текебаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ