Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапары учурунда эки өлкө президенттери жакынкы эки жыл аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү зарылдыгын билдиришти. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлайт.
«Мамлекеттер аралык мамиленин негизги тармагы – соода-экономикалык кызматташтык. Быйыл товар жүгүртүүнүн көлөмү 23% жогорулады. Ага карабай, бул эки өлкөнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келбейт», – деп айтылат билдирүүдө.
Товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга Өзбекстанда өндүрүлгөн айыл чарба техникаларын, жеңил жана жүк ташуучу автоунааларды, автобустарды ырааттуу түрдө экспорттоо зарылдыгын билдирди. Бул иш сервистик кызмат көрсөтүү менен дагы толукталып турат.
Өзбекстан кыргыз өнөктөштөрүнө азот, фосфор, калий жана татаал комплекстүү жер семирткичтерди, ошондой эле трансформаторлордон тарта кабелдик-өткөрүүчү продукциялардын бардык түрлөрүн, тиричилик техникаларын, текстиль, курулуш товарларын, эмерек жана илимий-лабораториялык жабдууларды сунуштады.
Өз кезегинде Кыргызстан дагы Өзбекстанга керектүү болгон продукцияларды экспорттоо жагын уюштура алат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ