Menu

Академик А.Эркебаевдин «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» деген китеби жарык көрдү

Бөлүшүү:

Академик «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» китебинде мамлекетибизде өткөн жана учурда болуп жаткан орчундуу окуяларга, кырдаалдарга бай тажрыйбалуу саясатчы, коомдук ишмер катары баа берген.

Ал «Карегимде Кара-Тейит», Баткен согушунун сабактары жөнүндө», «Чек араны кайтаруу улуттук ар-намыстын иши», «Кыргыз илими кыймылда, бирок өзгөчө көңүл бурууга муктаж», «Илимдин коломтосун өчүрүүгө болбойт» деген макалаларында

Кыргызстанда болгон окуяларга мамиле ыңгайына, пайдалуулугуна карап мамиле жасалып жаткандыгы, мекенибиздин чек арасындагы абал, улуттун келечегинде илимдин орду жана ага карата жасалып жаткан иштер камтылган.

Ошондой эле кыргыз коомчулугуна аты белгилүү коомдук ишмерлер,  саясатчылар, адабият өкүлдөрү жана чет өлкөлүк замандаштардын ишмердиктери жөнүндө терең иликтеп, портреттерин түзгөн.

Алардын арасында премьер-министр Ж.Ибраимов, экс-президент Р.Отунбаева, классик жазуучулар Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, С.Жигитов, окумуштуулар Ж.Шаршеналиев, Т.Аскаров, Кытайдагы кыргыз манасчысы Ж. Мамай өңдүү кыргыз элинин сыймыктуу инсандарынын жасаган ишине жекече баа берип, аларды улуттук жана дүйнөлүк деңгээлде талдап жазган.

Ошондой эле жалпы маалымат каражаттарында жарыяланган маектери, ой толгоолору китептин мазмунун байытып, автордун ар тараптуу көз карашынын тереңдигин айгинелейт.

Китеп кыргыз орус тилинде, 500 нуска менен  жарык көргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: