Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы Дүйшөмбү шаарынын администрация башчысы болду. Рустам Эмомалинин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгы тууралуу жарлык өлкө президентинин сайтына жарыяланды.
2015-жылдын мартында 29 жаштагы Рустам Эмомали Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү чаралары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчылыгына дайындалган болчу.
Ал Дүйшөмбүнүн мэри кызматына шаарды акыркы 20 жылдан бери башкарып келген Махмадсаид Убайдуллоевдин ордуна барды. Мурдагы калаа башчысынын кызматтан эмне себептен алынгандыгы айтылган жок.
Өткөн жылы Тажикстанда баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Аларга ылайык, Эмомали Рахмондун президенттик шайлоого каалашынча катышуусуна уруксат берилип, президенттикке талапкерлигин коюу үчүн белгиленген төмөнкү курак 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ