Menu

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы 10-февралда жанданат

Бөлүшүү:

Жума күнү “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын лайнери Дүйшөмбүдөн Ташкентке алгач ирет учуп барат. Эки өлкө ортосундагы аба каттамы 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон.

Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча чейрек кылымдан берки биринчи каттам үчүн болгону 20 билет сатылды. Бирок Эл аралык Дүйшөмбү аэропортунун маалымат кызматы кабарлагандай, салондо жүргүнчүлөр менен бирге Тажикстан транспорт министрлигинин, “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын жетекчилери жана журналисттер болот.

“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын учагы 10-февраль күнү сапар алат. Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамынын убакысы 45-50 мүнөттү түзөт.

Авиакомпания билеттер сатылып баштаганын 1-февралда жарыялаган. Кыш мезгилинде жумасын бир жолу –дүйшөмбүдө учуу болот, жайында жумасына эки сапар – дүйшөмбү жана бейшембиде каттоо пландалууда.

Өткөн жылдын соңунда Өзбекстан менен Тажикстандын соода-экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында аба каттамдын алгачкы датасы аныкталган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: