Menu

Коло медаль кайтып келди

Бөлүшүү:

Кыргызстандыкбалбан Базар Базаргуруев 2008-жылы Пекинде болуп өткөн олимпиадага катышып 5-орунду багындырган эле. Мына кечээ жакында Бириккен күрөш дүйнөсү өздөрүнүн сайтына кыргызстандык Базар Базаргуруев коло медалдын ээси болгонун шардана кылды. Анткени күмүш медалды уткан украиналык балбанды текшергенде канынан допингге байланышкан туринабол заты чыккан. Мына ошондуктан ал күмүш медалдан ажырап, анын ордуна япон балбаны ээ болсо, коло алган япон балбанынын ордуна биздин мекендеш Базаргуруев ээ болуп олтурат. Эгер балбаныбыз 2008-жылы коло медалдын ээси болгондо, ошол кездеги коло байгенин ээси Руслан Түмөнбаевдей болуп 75 миң доллар акчага, 38 миң долларлык жолтандабаска, “Даңк” медалына жана өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик стипендияга ээ болмок. Жашоо бумеранг дегендей, 2016-жылы Рио олимпиадасында мекендешибиз Изат Артыковдон допинг колдонгон деген кине менен коло медалды жулдурсак, мына бүгүн күрөш боюнча коло медалга ээ болуп олтурабыз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: