Menu

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда ЕАЭБ 18 техникалык регламенти күчүнө кирет

Бөлүшүү:

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда Еразиялык экономикалык биримдиктин  18 техникалык регалменти күчүнө кирет. Аталган техникалык регламенттер интеграциялык биримдиктеги бардык өлкөлөрдүн аймагында түздөн-түз иштейт жана тоскоолдуксуз ишке ашырылат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров кечээ, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Эльдар Абакиров белгилегендей, муну менен азык-түлүктөрдү рынокко чыгаруунун бирдиктүү системасы түзүлөт,  ЕАЭБ рыногуна продукцияларды чыгарууда бирдиктүү документтер жана бирдиктүү кайрылуу белгилери колдонулат.

«Булардын баары техникалык жана административдик тоскоолдуктарды азайтуунун элементтери болуп саналат. Башкача айтканда негизги максат – ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн аймагында товарларды тоскоолдуксуз алып өтүүнү камсыз кылуу болуп саналат», – деп баса белгиледи Эльдар Абакиров.

Экономика министринин орун басары маалымдагандай, 2017-жылдын 24-апрелине карата дээрлик бардык иштеп жаткан техникалык регламенттер  улуттук мыйзамдардын нормаларына ылайык ишке ашырылууда.

«Анын ичинде 18 техрегламент тамак-аш коопсуздугун жөнгө салат. Буга байланыштуу тамак-аш продукцияларын өндүргөн ишканаларга ХАССП менеджмент системасынын техрегламенттерин ишке киргизүү маанилүү шарт болуп саналат. Сунушталган система азык-түлүк сырьелорунун кооптуу факторлоруна, технологиялык продукцияларды жана даяр продукцияларды  баалоону жана көзөмөлдөөнү камтыйт», – деди Эльдар Абакиров.

Ал буга байланыштуу өлкөнүн бул тармактагы мыйзамдык-укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккандыгын белгиледи.

«Ар бир техникалык регламентке жооптууу мамлекеттик орган аныкталган. Аталган техрегламенттердин күчүнө кириши менен үчүнчү өлкөлөрдүн мыйзамсыз продукцияларынан  жана азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бирдиктүү укуктук талааны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деп баса белгиледи  Эльдар Абакиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: