Кыргызстанда чиновниктер кайсы бир кызматка барса ошол жерди бүтүндөй «басып» алышат. Тууган, дос, аяш, куда дегендери менен. Мисал керекпи, «Манас» Эл аралык аэропортунун директору Эмир Чукуевди эле алалы. Бул мырза аэропортту жеке менчик ишканасындай көрүп, жакындарынын баарын чечүүчү кызматтарга дайындап жатканы кандай?! Ишенбесеңиз аэропортко барсаңыз, Чукуевдин таяке-жээн, өкүл бала, аяш кыз дегендерине кезигесиз. Эгерде Эмир мырза андай эмес мындай десе факты менен айтып берүүгө даярбыз. Чукуев мырза өзүм билемдиктин да чеги болот, ушуну унутпасаңыз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ