Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык саат 13:30да талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович сынакка кирген. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматкызматы билдирди.
“Лексика-грамматика, жазуу”, “Аудирлөө”, “Окуу” жана “Сүйлөө” субтесттерин ийгиликтүү тапшырган сынактын жыйынтыгында талапкер С.Жээнбеков жалпы 94,6 балл алды.
Бүгүн 4-августта биринчи болуп сынак тапшырган талапкер Джунусов Руслан Эшимбекович жыйынтыгында 46,1 балл алып, талапка ылайык балл топтой албагандыгына байланыштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилмекчи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ