Бүгүн, 25-августта КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү үчүн VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын иши башталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунушу келип түшкөндүгүн маалымдап, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакыргандыгын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ