Түштүк регионунда шайлоолордо дайыма таасирдүү фигураларга айланган Сүйүн Өмүрзаков менен Айтмамат Кадырбаев соңку убактарда бийликтин позициясын анчейин колдоого алышпай, өз ара чайханаларда отурганда жан-жөөкөрлөрүнө ымдашып, түркүн түстүү оюндарды салганы ачыкталабы? Кызыгы, кечээ бул эки эргул Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө кызмат кылышып, буттары үзүлгөнчө чуркашчу эле. Эми болсо «мыйзам чегинде иш кылабыз» таризине өтүшүп, «бу бийлик болбосо башкасы менен деле тил табышып кетебиз» дегендей обон созушканы ачыкталабы? Баягы бир жолу саткынчы болгондорго көнүмүш адат беле бу жагы? Качан гана кыргыз элитасы ойт бермелер менен эски режимдин саркындыларынан арылмайын оңолбой калдык го, туурабы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ