Menu

Исаков «Ана-Кызыл» жана «Жаман-Адыр» участкаларындагы мектептердин курулушун ушул жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков Ош  облусуна болгон жумуш сапарын улантууда. Бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгынынан жабыркаган жергиликтүү тургундарды отурукташтыруу үчүн берилген «Ана-Кызыл»  жана «Жаман-Адыр» участкаларын өздөштүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Ана-Кызыл» участкасында орто мектеп, бала бакча жана медициналык пункт салуу пландалууда. Калкты отурукташтыруу үчүн 164 жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Өкмөт башчы жеринде 275 балага ылайыкталган орто мектептин курулушу менен таанышты.

Белгилей кете турган  нерсе, мурда Өкмөт тарабынан берилген тапшырмага ылайык жабыркаган жергиликтүү тургундарга курулуш материалдары өз баасында берилет.

Учурда керектүү болгон бардык финансылык каражаттар бөлүнүп берилип, иш өз убагында аткарылууда.

Премьер-министр бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүгө өзгөчө басым жасап, турак үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук берүүсүн эске алууну  милденттендирди.

Ошондой эле ал «Ана-Кызыл» участкасына ирригациялык системалардын курулушу боюнча долбоорду даярдоону тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков жергиликтүү тургундар үчүн 875 жер тилкеси бөлүнүп берилген «Жаман-Адыр» участкасына барып бир мектеп эки бала бакча жана эки медициналык пункт курула турган жерлерди көрүп чыкты.

«Жаман-Адыр» участкасында 275 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу менен таанышып, анын сметалык наркын имараттын  сапатына зыян келбегендей кылып, кайрадан карап чыгууну тапшырды.

«Жаман-Адыр»  жана  «Ана-Кызыл» участкаларында таза суу менен камсыз кылуу иштери толук аяктады.

Аны менен бирге Премьер-министр Сапар Исаков суунун сапатын аныктоо боюнча лабораториялык иликтөө жүргүзүүнү, ички жолдорду курууну жана электр энергиясы менен толук камсыз кылууну тездетүү иштерин милдеттендирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: