Ак үйдөгү интригилардан тажадыбы же өзү айткандай чындап эле чарчадыбы, кыскасы өткөн жумада Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы бийликтегилерге да, коомчулукка да күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду. Бирок айрым билермандар Т.Казаковдун ыктыярдуу түрдө кызматтан кетишинин себебин өткөн кылымдын 60-жылдарында Баткен районунда табылып, ошондон бери Тарых музейинде сакталып жаткан мумиянын кайра жерге берилишине байланыштырышууда. Анткени президент да “Мумиянын кайра көмүлүшү туура эмес болгон, тиешелүү кызматкерлер жазаланат”,- деп айткан болчу. Ушуну кутуп турган айрым археолог-тарыхчылар уйкудан чочуп ойгонуп, “тирилип кеткен” мумияга окшоп, Түгөлбай Токтогуловичти ур-токмокко алып киришти. Кызык, алар дээрлик, жетимиш жыл музейде сакталып, сөөгү жоголуп бараткан мумиядан эмнеге кабар алышкан эмес? Сыягы, маселенин баары министрлик кресло кимдир-бирөөгө керек болгондугу менен байланыштуу болсо керек. Болбосо, мумияны кайра казып алып эле изилдесе, сакталып калган чачы аркылуу деле керектүү иштерди жүргүзө берсе болот эле. Канткен менен аты улук болгон менен супурасы курук бул министрликтин ырынан чыры, ырысынан ызы-чуусу көп эмеспи…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ