Бүгүнкү күндө маркумдарды жерге берүү өтө кымбат турат. Мүрзө жайлардын баасы дагы жайгашкан жерине карата көпчүлүк жергиликтүү тургундар үчүн өлчөнөт. Мисалы, Маевка айылындагы көрүстөндүн баасы 12-15 миң сом болсо, Ленинский, Ново-Покровка, Военно-Антоновка сыякгуу чет жакадагы айылдарда маркумдун жайын 18 миңге сомго чейин сатып алса болот. Ал эми шаардын ичинде жайгашкан Арча-Бешик конушунда сөөктү көмгөн жай 20 миң сом турса, 300 кишинин сөөгүнө эсептелген «Түштүк-Батыш» көрүстөнүндөгү жайлар толуп калгандыктан, бейит ордунун баасы кымбаттап, 28 миң сомго чейин чыгып кеткен.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ