Menu

Дайынсыз жоголду деп издөөдө жүргөн жаран Москвадан табылды

Бөлүшүү:

Туугандары дайынсыз жоголду деп издеген жаран Москвадан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, январь айында Москвада Кыргызстандын бир топ жарандары «WhatsApp» мессенджери аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну, 1992-жылы туулган У.А. аттуу жаранды издөөгө жардам берүү тууралуу кайрылуусу тараган. Жоголду деген адам 2020-жылдын 16-январь күнү жумушуна кетип кайтып келген эмес.  Жарандар андан соң ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышкан.

Жогорудагы фактыны текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголду деп эсептелген У.Д. аттуу жаран 2020-жылдын 16-январь күнү Москва облусунун Подолск шаарынын аймагына иштегени кеткендиги жана ал жакта телефон байланышы иштебегендиги, ошондуктан туугандары менен байланыша албай калгандыгы такталган.  Ошондой эле ал ошол күндөн бери жумушта болгондугу маалым болгон.
Жаран У.Д. жазуу түрундө түшүнүк кат жазып берди. Туугандары аны издегендигин жана дайынсыз жоголгондугу жөнүндө билдирүүнү жумушунан кайткандан кийин билген. 24-январь күнү ага жана анын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эгерде Россиянын аймагында укукка жат иш-аракеттер жасалган болсо, анда аталган фактыны каттоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыздар. Россиянын аймагында жасалган бардык мыйзамсыз иш-аракеттер Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан каралат. Кеңеш алуу же кошумча маалыматтарды алуу үчүн КРнын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө (төмөнкү даректе жайгашкан: Москва шары, Большая Ордынка көчөсү, үй 62, курулуш 1 « Добрынинская метросу», Кыргызстандын Россиядагы Консулдугунун жанында), андан сырткары +7 (926) 890-87-00 телефон номурларына байланышыңыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: