Menu

Кредитти ким алат?

Бөлүшүү:

Бирөөдөн карызга акча алып бералбаганынан ызылдашып эле жүргөндөрдү көп көрөбүз. Бири кубаласа, экинчиси качып айласы кетип айтор, ызы-чуу түшкөн заман. Эң кызыгы-кредит алып там салбай, уулун үйлөнтүп той кылганга мажбур болгон ата-энелер да бар. Анткени жалгыз уулун сөзгө калтырбайын деп ушул жорукка барышат. Алар банкка акчасын төгө албагандан эмес, элдин алдында намысы кулагандан уялышат. Буга окшогон акылга сыйбаган окуяларды көрө берип көзгө деле тирсек чыкпай калды.

Ушул жерден дагы бир намыска тийчү кепти айта кетели? Деги кредит алып кыйналып жүргөн дунганды, карачайды, уйгурду, чеченди жолуктурдук беле? Эмне үчүн алар бизге окшоп бул жашоодо оорчулук көрүшпөйт? Себеби, алар турмушун алдын-ала пландаштырып алышат. Эсеп-чот менен жашоосун өткөргөндөр түз эле жерден чыгымга учурабайт. Балдарын болсо жаштайынан мээнеткеч болууга, сарамжалдуу жашоого үйрөтүшөт. Ошондуктан алар нан табуунун кадырын бармактай кезинен биле баштайт. Ал эми биз болсок кур намыска алдырып, байларга теңелүүгө далалат кылабыз. Анан белчеден карызга батып күйгүлтүк тартабыз. Канча ирет айтсак деле эл эмне дейт деген кептин кулу болуудан чыгалбайбыз. Демек, дале болсо кубалашып жүргөнүбүз тирүүчүлүктө токтобойт десек болот. Ар кайсы банктын алдында үймөлөктөшкөн кыргыздарды көрүп зээниң кейийт. Бирок, айткан кеңешиң сайда эле калып жатканы өкүнүчтүү, атаганат!

Булак: Ачык сөз 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: