Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өлкөдөгү ММК жетекчилерин чогултуп, тегерек столдо баарлашты. Баарлашуу абдан жакшы өттү. Журналисттер тарабынан бир топ коррупциялык фактылар, маанилүү сунуштар, ой-пикирлер айтылды. Мына ошол президенттин эки сааттык баарлашуусу жалпы кыргыз элине толук бойдон жетсе болмок. Анткени эл Сооронбай Жээнбековдун жасай турчу иштерин, келечектеги пландарын күтүп жатышат. Экс-президент Алмазбек Шаршеновичтин жыйналыштарын күнү-түнү кайталап берген КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков, негедир Сооронбай Жээнбековдон эфирин кызганып жаткандай. Кыскасы тегерек столдогу баарлашуу толук элге жеткен жок. Журналисттер тарабынан айтылган ой-пикирлер жарандар үчүн абдан маанилүү. Балким, Илим мырза жаңы президентке анчейин көнө албай жаткандыр…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ