Menu

Жалал – Абадда эс алуу жайлары жаңыланууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы жаштардын багы аталган Токтогул көчөсүндөгү аллея жаңыланууда. Бул туралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти андагы отургучтарды, темир тосмолорду оңдоп, сырдап, жакшы абалга алып келүүдө. Ошондой эле көчөлөргө шаар көрк жана жарык берген жол чырактары коюлуп жатат.

Аталган департаменттин жетекчиси Саид Жакыповдун айтымында, Токтогул аллеясы жаңыланууга жана тургундар тарабынан аяр мамилеге муктаж болуп келет. Анткени жыл сайын оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлгөнү менен отургучтары сынып, жада калса сыртындагы тосмолор да уурдалып кеткен учурлар бар.

Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти аллеяны жаңылап, сынган отургучтардын жана таштанды урналарынын, тосмолордун ордуна жаңыларын орнотуу менен отургучтар, тосмолор сырдалып, аллеяга жаңы өң берилүүдө.

Шаардагы коомдук эс алуу жайларын жаңылоо иштери мунун менен гана чектелген жок. Шаар аймагы түнкүсүн да кооз болушу үчүн 400 даана жол чырактары алынган. Мурдагы лампалуу чырактардан айырмаланып, булар чырактар электр энергиясын үнөмдөшөт. Алардын алгачкылары борбордук Эркиндик аянтына коюлду.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында 2500 даана кечки жарыктандыруучу чырактар бар, аларга дагы 400 чырак кошулууда. Ал үчүн шаар бюджетинен 1 миллион 800 миң сом каралган. Ал эми Токтогул аллеясы Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине керек-жарак үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаңыланууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: