Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматов кыргыз тилин билбей, коомго уят болгон жоруктары эл арасында анекдотко айланмай болду. Мэрлик кызматка шайланып жатканда кыргыз тилинде жаза албаганы, оюн эркин айта албаганы кызуу талкууланга, ачуу сындар айтылган. Бирок тилчилер жогору жактын кысымы мененби же акчанын азгырыгы болдубу, айтор кыргыз тилин кыйын билет деген баа беришип күлкүгө, шылдыңга калышкан. Мына эми кыргыз тилин кыйын билет деген мэр Курман айт намазында «курман ыраазы болсун» деп каалоо-тилек айтып шылдың болду. Албетте, кардыма эмес, кадырыма ыйлайм дегендей, кыргыз тилинин кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн курал болуп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Өз элибизде, өз мамлекетибизде кыргыз тили корголбой кордолуп, бир ууч топтун саясий кызыкчылыгынын курмандыгына айланып отурат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ