Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматына секирик жасады. Коомчулук кайран жигиттин кыргыз тилин эжелеген Азис Суракматовду мэр кылууга буту үзүлгөнчө чуркаганынын акыбети кайтыптыр дешип шыпшынды. Эми Кененбаевдин ордуна төрага болуп Жумабек Салымбеков келиши мүмкүн экени айтылууда. Жумабек мырза Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Маамытбай Салымбековдун уулу, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун күйөө баласы, “Дордой базарынын” башкы жетекчиси жана ага ээлик кылгандардын катарын толуктайт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ