Menu

Алмазбек Баатырбеков, “Кыргызстан” фракциясынын лидери: Убадаларды 100% аткара алгыдай эмеспиз

Бөлүшүү:

—Биз шайлоого аттанганда «Ыймандуу Кыргызстан» деген программа менен чыкканбыз. Ыймандуу десе көпчүлүгү динди элестстишет. Ыймандуулукту алып келиш үчүн биринчи кезекте экономикабыз өнүгүшү керек. Экономиканы өстүрүш үчүн көп эле мыйзамдарды жазып аракет кылып жатабыз. Социалдык көп көйгөйлөрдү көтөрүп жаткан кезибиз. Социалдык муктаждыктарды жоюу максатында жаңы төрөлгөн наристе балдарга сүйүнчү пулду 50 миң сомго жеткиребиз дегенбиз. Азыркы бюджеттик шартыбызда экономикалык кризис болуп жаткан кезде чоң сумманы бере албай жатабыз. Азыр жок дегенде «сүйүнчү пул» деген түшүнүктү киргизип, аз сумма болсо дагы балдарга берилип жатат. Келечекте Буюрса 50 миң сом берилип калат деп үмут кылабыз. Элдин алдында берген убадаларды пайыздык өлчөмдө алсак 20-30% гана аткара алдык. Дагы эки жылда 100% аткара алгыдай эмеспиз. Адам деле алдында максат коюп анан жетет эмеспи. Биз деле берген убадаларды акырындык менен келечекте аткарабыз деген ойдобуз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: