“Кара тизмеге кирген 72 миң кыргызстандыктардын абалына кызыгып коюңуздарчы?” – деди бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Шайназаров Тынчтык.
“Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге болгон иш сапарында кара тизмеге катталган жарандардын абалы жөнүндө сөз кылып, бүгүн алардын иши оң тарапка чечилди. Бирок мындай көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн чет өлкөгө кете турган жарандарга атайын окутуу иштерин жүргүзсөңүздөр. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да кайрылат элем. Бул тууралуу маалыматтарды тез тез таратып турсаңыздар.” – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ