Бүгүн 16- ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.
Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
1983-жылы Фрунзедеги К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн.
2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бухгалтер адистиги боюнча аяктаган.
1983- 1988-жылдары- Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник.
1988-1989-жылдары – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору.
1989-жылдан 1991-жылга чейин- Ош облусундагы Совет районунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы.
1991-жылдан 1993-жылга чейин- Ош облусунун Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору.
1993-1996-жылдары- Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы.
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Депутат болгон жылдары- Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары.
2005-2007-жылдары- Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы.
2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.
2008-жылдан 2010- жылга чейин- жеке ишкер.
2010-жылдын апрелинен тартып 2015-жылдын декабрына чейин- Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси- облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы- губернатордун милдетин аткаруучу, 2010- жылдын сентябрынан тартып- облустук мамлекеттик администрация башчысы- губернатор, август айынан тартып- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2015-жылдын 11- декабрынан тартып- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директору.
2016-жылдын мартынан тартып- Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.
2016-жылдын 13-апрель айынан тартып-Кыргыз Республикасынын премьер-министри.
2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.
Президенттик кызматка 2017- жылдын 24- ноябрында киришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ