Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Россиянын аймагында, Ленинск- Кузнецкий жолунда Кыргызстанга тиешелүү номердеги унаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынан каза болгондор Россиянын жарандары болгон.
Ал эми унаага тагылган “03 kg 409 MRA” мамлекеттик номер жасалма болуп чыкты. Учурда MRA сериясындагы номерлер Кыргызстанда чыга электигин Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди.
Буга чейин интернетте Россиянын аймагында Кыргызстандын номериндеги “Toyota” унаасынын жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу видео тараган. Анда кырсыктын качан болгондугу тууралуу айтылган эмес. Видеого тарткан адам каза болгондордун жакындарын табуу керектигин айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ