«Ford» жана «GTB» компаниялары биргеликте унаа айдап бара жатып уйкуга азгырылган адамды ойготуп туруучу Ford SafeCap деп аталган кепка чыгарды. Компаниянын өкүлдөрү бул жабдыкты чыгаруунун алдында уйкусураган адамдын абалы кандай болорун изилдеп чыгышкан. Баш кийим дененин жана баштын калыбына жооп бере турган атайын датчиктер менен жабдылган. Ал уйкусурап шылкыя баштаган башты, калыбын жоготуп бараткан денени жана айдоочунун жолго көңүл бурбай калганын сезип, 3 жол менен ойготот: үн, вибрация жана кепкада орнотулган көзгө тийүүчү жарык. Өндүрүүчүлөр бул кепка узак жол жүргөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арналганын айтып, кийинчерээк суроо-талапка жараша жеңил автоунаалардын ээлерине да чыгарышарын билдиришкен. Ford SafeCap’тин сатыкка качан чыгары азырынча айтыла элек.
Булак: “Тамчы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ