Menu

Өзбекстан бензин тартыштыгын жоюу үчүн $250 млн бөлөт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыл аягына чейин өлкөдөгү мунайды кайра иштетүү заводдоруна эки триллион сум өлчөмүндө (250 миллион долларга жакын) бюджеттик насыя берүүнү тапшырды. Каржы министрлиги тарабынан берилиши керек болгон каражат көмүрсуутек сырьёсу менен даяр мунай продуктуларын импорттоого жумшалат.

Ошол эле маалда май куюу жайларындагы бензиндин тартыштыгын тез арада жоюу үчүн каралган 600 миллиард сум ушул жуманын аягына чейин бөлүнүп берилиши керек.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы ошондой эле «Тошшахартрансхизмат» компаниясына 2017-2018-жылдар үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлүнүү тапшырды. Бул Ташкенттеги жүргүнчү ташуу тарифтеринин кескин өсүп кетүүсүнүн алдын алат.

Андан тышкары 15-ноябрдан тарта бензин жана дизель отунун керектөө үчүн алынчу салыктын 50% төмөндөтүлгөнү кабарланууда. Бүгүнкү күндө бул салыкты жарандарга бензин, дизель жана газ саткан юридикалык тараптар төлөшөт.

Мирзиёев ошондой эле 2020-жылдын 1-январына чейин өлкө ишканаларын импорттолгон көмүрсуутек сырьёлору үчүн төлөнчү бажы салыгынан бошотту. Андан тышкары «Узнефтепродукт» компаниясынын мунайды кайра иштетүү заводдору дагы өндүрүш кубаттуулугун арттыруу максатында киреше салыгынан бошотулду.

Күн мурун Өзбекстанда бензинге болгон баа кескин кымбаттаган. АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин чекене баасы 1000 сумга кымбаттап, 3800 миң сумду (0,5 долларга жакын) түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: