Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Мирлан Жээнчороев Каржы полициясы өлкөдөгү бизнес тармагынын ишине орунсуз кийлигишип жатканын айтты.
Ошондой эле, депутат бул айткан сөздөрүн Коррупцияга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине жеткирүүнү суранды.
“Каржы полициясы бүгүнкү күндө экономикалык коопсуздукту карабай жатат. Көпчүлүк ишкерлер фискалдык органдар алардын ишине кийлигишип, бут тосуп жатканын айтып кайрылышууда. Бул коркунуч туудурат. Экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөндүн ордуна, ага болушунча бут тосуп жатышат”, – деди депутат.
Мындан тышкары, Мирлан Жээнчороев Максим Бакиевдин убагында иштеген жетекчилердин бири бүгүнкү күнгө чейин эл алдына чыга албай жүргөнүн кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ