Бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынын Kloop.kg сайты түз алып көрсөтүп жаткан эле. Бирок, көп өтпөй ага тыюу салынды. Бул боюнча аталган сайттын журналистти президентке суроо берип, эмне үчүн тыюу болгонун сурады эле, Атамбаев: “Менин маалымат кызматымдын түз эфирди болтурбай коюуга укугу бар. Эгер бул Конституцияга каршы келсе Конституциялык палатага кайрылгыла” – деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ