Башкы Прокуратура Бишкектин ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши менен таанышууну аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин материалдар тастыктоодон өтүү үчүн Башкы Прокуратурага өткөрүлгөн. Азыркы учурда иш сотко жөнөтүлдү.
ЖЭБди модернизациялоодо коррупцияга мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле парламенттин депутаты, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев айыпталган.
Андан сырткары, айыпталуучулардын катарында энергетика тармагынын мурунку топ-менеджерлери жана Ууттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев бар.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ