Menu

Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын курмандыкка чалгысы келген Атамбаев

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Датка-Кемин” электр берүү линиясы өзүнүн демилгеси экендигин, анын аркасы менен өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болгондугун өзгөчө сыймыктануу менен азыркыга чейин миң кайталап айтуудан тажабайт. Мындан тышкары, ал аталган злектр линиясы Кыргызстанды электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздап жаткандыгына элди ишендирип келет.

Арийне, иш жүзүндө бардыгы ал айткандай эмес экен. “Датка-Кемин” долбоору боюнча мамлекетке 100 миллион АКШ доллары суммасында зыян келтирилгендиги ачыкка чыгып отурат. Мындан тышкары, Бакиев доорундагы долбоорлорду Атамбаев өзүнүн эмгеги катары энчилеп алгандыгы коомчулукта көп ирет айтылган. Албетте, Бакиевдин бийлиги жөнүндө сөздөр көп, бирок алар киреше алып келүүчү маселелерге кылдат жана түшүнүү менен мамиле жасагандыгын айтып кетүү керек. Көздөгөн максаттарга жетиш үчүн алар болгон күч-аракетти, билим-тажрыйбаны аябастан түрлүү варианттарды таразага салышкан. “Датка-Кемин” электр линиясы ошол мезгилдеги көзгө көрүнүктүү, оозго алгылыктуу көптөгөн долбоорлордун арасында жаркын мисалдардын бири болгон.

Тарыхка кылчайсак, 2010-жылдын февраль айында КР Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) жетекчиси М.Бакиевдин иш бөлмөсүндө кеңешме өтүп, көптөгөн маселелердин катарында 500 кВттык “Датка-Кемин” электр линиясы жана 500 кВттык “Датка” көмөк чордонун куруу маселеси талкуулангандыгы маалым.

Ал кеңешмеге М.Бакиевден тышкары, анын орун басары А.Елисеев, ЦАРИИнин коммуникациялар кызматынын жетекчиси С.Исаков, “Дастан” ААКнын төрагасы А.Ширшов, “Электр станциялары” ААКнын башкы директору С.Балкыбеков, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директору А.Садыков катышкан. Кеңешмеде А.Садыков “Кыргыз Республикасынын түштүгүн электр менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун абалы, анын ичинде 500 кВттык “Датка” көмөк чордонунун курулушу жана ТВЕА компаниясы реконструкциялоочу 220 кВттык объектилер тууралуу баяндама жасаган. Ал 500 кВттык “Датка-Кемин” электр линиясын курууга кытайлык компанияны ишке тартуу пландалып жаткандыгы тууралуу да билдирген. Белгилей кетүүчү жагдай – бул кеңешмеде А.Садыков “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке киргизилмейинче “Датка-Кемин” электр линиясын толук кандуу пайдалануу мүмкүн эместигин эскерткен. Андан сырткары, ал “Камбар-Ата-1” ГЭСине байлабай туруп “Датка-Кемин” линиясын иштетүү дайыма электр энергиясынын негизсиз жоготууларга алып келээрин кошумчалаган.

Вариант катары Садыков өлкөнүн түндүгүндөгү энергетикалык көйгөйлөрдү Казакстан жана Өзбекстан менен жогорку деңгээлде сүйлөшүү аркылуу чечүү максатка ылайыктуу болорун сунуштаган.

Кеңешмеде 500 кВттык “Датка” көмөк чордонун курууну жана 220 кВттык объектилери реконструкциялоону колдон келишинче тездетүү жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алынган. Ошол эле мезгилде, ЦАРИИнин жетекчилиги “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке берилгенге чейин “Датка-Кемин” электр линиясын куруу долбоорун кылдат изилдеп анализдеп чыгууну чечкен. Ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке берилгенге чейин аталган электр линиясын куруу токтотулгандыгын элге айтпастан, ТВЕА менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу гана кыргыз коомчулугун маалымдар кылуу чечилген. Кытайлык компаниянын кызыгуусун ЦАРИИ жетекчилиги Казакстан жана Өзбекстан менен өзүнүн сүйлөшүүлөрүндө аргумент катары колдонгусу келгендиги бул чечимдин өзөктүү сыры болуп эсептелет.

Көрүнүп тургандай Бакиевдердин кара өзгөй планы өлкөнүн тундүгүндө электр менен камсыздоо көйгөйүн чечүүгө, ошондой эле кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдө кытайлык компанияны рычаг катары колдонуп, түштүктө да орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшмөк, бирок бул пландар кагаз бетинде гана калды.

Ал эми А.Атамбаевге таянуу менен мурдагы премьер С.Исаков электр линиясынын курулушунан акча жасоо мүмкүнчүлүгү жаралып жаткандыгын жакшы баамдаган. Ал эми экс-президент мөөнөтү аяктагыча “Датка-Кемин” линиясы Кыргызстандын бүткүл энергетикалык көйгөйүн чечти, ошондуктан 389 млн доллар негиздүү баа деп буралган сааттай кайталап, өзү ойлоп тапкан жомогуна өзү азыркыга чейин ишенүүсүн улантып келет.

Ошондуктан, мыйзамдын үстөмдүгүнөн үмүт кылуу менен адилеттик орноп, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазаларын алаарына ишенгибиз келет. Анткени, “Датка-Кемин” электр линиясын куруудан бүткүл өлкөнүн моюнуна оор жүк болуп илинген 100 млн доллар акча уурдалган. Ал эми Атамбаевдин, Исаковдун, Зилалиевдин жана чехиялык “Лигласстын” зилдүү эрки менен “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулбаган бойдон калды. Бул дагы компетенттүү органдардын кылдат иликтөөсүн талап кылат. Айтмакчы, Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке А.Атамбаевдин тийиштиги аныкталып, кылмыш иши козголуп өзүнчө өндүрүшкө алынгандыгы кечээ айтылды. Айтор А.Атамбаев жана анын командасы Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын курмандыкка чалуу менен акча жасоону артык көргөндүгү айгине калды окшойт.

Шаардан Алтынбеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: