Menu

Сирия армиясы түрк “агрессиясына” каршы күрөшөт

Бөлүшүү:

Сирия армиясы Түркия жортуул жасап жаткан өлкөнүн түндүгүн көздөй бет алды. Сириянын расмий булактары Анкаранын аракетин “агрессия” деп атады.

Бул арада Сирия өкмөтү менен “Сирия демократиялык күчтөрүнүн” (күрд куралдуу кошундары) ортосунда сүйлөшүүлөр башталганы кабарланууда. Reuters билдиргендей, сүйлөшүүлөр орус аскерлери көзөмөлдөгөн Латакиядагы Хмеймим авиабазасында өтүүдө. Бул маалыматтарды расмий түрдө тастыктоого мүмкүн боло элек.

Согуш жүрүп жаткан аймакта иштеп жаткан CNN кабарчылары окуялар тез-тез өнүгүп жатканын белгилешүүдө.

Түрк армиясынын аскердик операциясы чек арага жакын жайгашкан күрд кошуундарын сүрүп чыгарууга багытталган, Би-Би-Си аларды АКШнын Сириядагы негизги өнөктөштөрү деп атаган. АКШ коргоо министри Марк Эспердин билдиришинче, күрддөр Сирия менен Орусиядан колдоо издөөсү мүмкүн. Пентагон башчысы мындан улам АКШ аларды коргобой турганын белгиледи.

БУУнун маалыматына караганда, Сириянын түндүгүндө башталган согуштук аракеттерден улам 130 миңден ашуун киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Уюм жакын арада качкындардын саны көбөйүшү ыктымал экенин эскертти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: