4-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовдун үстүнөн болгон сот иши уланып жатат.
Соттун жүрүшүндө К.Кулматов Калыс-Ордо конушундагы мектеп курулушу боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.
Тергөөнүн жүрүшү боюнча 2014-жылы Бишкек мэри Кулматов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында TBEA компаниясы кошумча эки мектеп салууга бөлгөн 2 млн долларлык грантты мыйзамсыз пайдаланган.
“Мен өзүмдүн укугумдан пайдаланып, көрсөтмө берүүдөн баш тартам. Бул жерде күнөөсүз экениңди далилдөө пайдасыз болуп калды. Тергөө мыйзам бузуулар менен жүрдү. Сот залында негизсиз жана жалган айып коюлуп жатат, ойдон чыгарылган айыптар – айкын эле көрүнүп турбайбы. Бизди олтургузуп коюшуңар мүмкүн, бирок жүрөгүбүз эркиндикте калат”, – деди К.Кулматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ