Menu

“Коопсуз шаар” долбоору аркылуу шаарды тартипке келтире алабызбы?

Бөлүшүү:

12-февраль күнү “Коопсуз шаар” аттуу долбоор ишке киргизилди. Азырынча бул долбоор коюп жаткан фото, видео фиксациялык аппараттар күндүзү гана иштеп, унааны жүз метр аралыкта номерин жана ылдамдыгын аныктап бере алат. Шаар ичиндеги көчөлөрдүн кесилишине орнотулган камералар жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттоого алат. Тартипти бузгандар үчүн атайын айып пулдар каралган. Долбоордун негизги максаты – жол кырсыктарын азайтуу! Учурда аталган долбооор интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, эки ача ликир жаратууда. Бул туурасында ар тармактын өкүлдөрүнө суроо узатып, саресеп салды

Темирбек Асанбеков, “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери:

– “Коопсуз шаар” аттуу долбоорлор көбүнчө өнүккөн мамлекеттерде колдонулат. Бирок, алар алдын ала шаардык транспорттук инфраструктураларды тейлөө эрежелерин сапаттуу деңгээлде аткарып, шарт түзгөндөн кийин гана атайын долбоорлорду киргизишет. Бизде айып пулдарды киргизип коюунун алдында, ошол эрежелерди сактоо боюнча көзөмөлдөө жүргүзүүчү ишканалардын иштөө шарттарын камсыздоо керек болчу. Өздөрү сунуштап жаткан эрежелерди терең анализдебей, сапатсыз даярдык көрүшүп иш баштап жаткандары байкалып турат.

Авланбек Жумаев, медиа-эксперт:

– Акыркы учурда өлкөдө көптөн бери ооздун учу менен кеп кылып, бирок ишке ашырылбай келе жаткан сот, укук коргоо тармактарын реформалоо иштеринин биринчи жыйынтыгы көрүнүүдө. Буга чейин кандайдыр бир локалдуу көрүнүштөр менен күрөшүп келе жатсак, жыл башынан тартып системалуу өзгөрүүлөр көрүнө баштады. Ал кодекстердин кириши менен көзгө учурайт. “Коопсуз шаар” дагы ошол комплекстүү аракеттердин бири. Коомдо жол коопсуздугундагы коррупциялар жөнүндө сын-пикирлер айтылып келе жаткан. Акыркы учурдагы адамдардын ажалы менен бүткөн жол кырсыктары жолдогу тартиптин жоктугун айгинелейт. Эми бул долбоордун ишке ашырылышы менен жолдордогу көрүнүш түкүрүндүдөн тазаланган жерлердей эле кескин өзгөрдү. Өзгөчө Бишкектеги камералардын коюлушу менен айдоочулар да тартипти сактай баштады. Бул долбоор коомдун жашоосуна, маданиятынын калыптанышына чоң түрткү берет. Илгери Европанын жазуучуларынын ал мезгилдеги коомдун жашоосун сүрөттөгөнүн окуп, төбө чачыбыз тик турган учурлар болгон. Ал жактагы коом деле өзүнөн-өзү маданияттуу, тартиптүү, таза болуп калыптанып калган эмес. Бирок, так мыйзамдардын киргизилиши, коомдогу эрежелердин түзүлүшү менен маданият да калыптанган. Андыктан биз дагы жакшыга умтулушубуз керек.

Семетей Талас уулу, журналист:

– Негизи азыр камера он эки жерге эле коюлду да. Ошого кадимкидей камера коюлган кесилиштерде тартип бузуулар жок. Бишкек боюнча болжолдуу 300гө чукул жолчырактын кесилиштери бар. Ошонун баарына видеокөзөмөл койсо, шаар кадимкидей тартипке келет. Мурда мисалы, МАИ кызматкерлерине 200-500 Сом төлөп кутулуп кетишчү, азыр эми компьютерди алдай албайт да. Жол эрежесин бузганга канча айып пул коюлса, ошончо төлөгөнгө аргасыз болот. Учурда коомчулукта айып пулдар боюнча так маалымат аз. Мурдагы айып пул менен кийинки өзгөрүлгөн варианты чаржайыт берилип жатат. Кодекстер да улам-улам өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик МАИ кызматкерлери так маалымат берип коюшса. Мурдагы 1000 сом деген айып деле мамлекеттин казынасына жакшы эле каражат. Ошол эле учурда айдоочулардын чөнтөгүнө да ылайык. 3000-5000 деген айып пулдар өтө аша чаап кетип жатат. Бирок, катуу ылдамдыкта жана мас абалында айдагандарга мен деле каршымын! Юридикалык жактар бар эмеспи, алар деле биздин жарандар да. Аларга айыпты кымбат кылып коюптур. Жөн эле бир эреже бузуп алып 13000 сом төлөп жатса, алган айлыгын айып пулга салып береби? Мисалы, юридикалык жактан жөн эле шопур болуп иштегендер деле абдан көп.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: