“Кыргызстан Казакстанга салыктан да алдырып койду”, – ушинтип 19-ноябрда депутат Акылбек Жапаров (“Бир бол”) ЖКнын экномикалык жана фискалдык саясат комитетинде айтты.
Анын айтымында, расмий келген ири дистрибьютерлер Кыргызстандан Казакстанга кетип, эми алардын продукциясы бизге контробанда түрүндө келип, инвесторлор кетип жатыптыр.
Депутат Кыргызстанда миңдей расмий дистрибьютерлер бар экенин, алардын 300дөн ашыгы бүджетке бир тыйын төкпөгөнүн маалымдады.
“Биз Социалдык фонддо реформа жасабай жатабыз, а бул мындай абалга катуу таасир берип келет”, – деди ал.
Ошондой эле өлкөдө дефляция болуп, бул инвесторлорго терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
“Бизге акча тапканы келип жатышат, бирок тескерисинче болуп, өз товарын өндүрүп алып, же ички рынокто, же сырткы рынокто сата албай жатышат. Силер Улуттук банк менен бирдикте инфляцияны нөлгө алып келип, өлкөнү дефляцияга чейин жеткирдиңер, бул жакшы эмес”, – деп ал өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ