Бирдиктүү салык декларациясынын маалыматына ылайык, Бишкек мэри Азиз Суракматовдун 1 миң 293,5 чарчы метрди түзгөн 11 батири бар. 2018-жылы мэр 433 миң 79 сом тапкан. Мындан тышкары 83 чарчы метрлик дача үйү, 0,15 гектар эки жер тилкеси, «Лексус LX 570» автоунаасы бар.
Жакын туугандары 2018-жылы 25 млн 912 миң 511 сом тапкан. Чыгымы – 822 миң сом деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары үч батири, BMW автоунаасы жана 0,08 гектар жер тилкеси бар.
Эскерте кетсек, Азиз Суракматовду башкалаабыздын мэри кылып Бишкек шаардык депуттар 2018-жылдын 8-августунда шайлашкан. Ага чейин курулуш бизнеси менен алек болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ