Menu

Эне тилинде эжелеп сүйлөгөн министр Жаманкулов

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Алилет министри Марат Жаманкуловдун кандай иш алып барып жатканын шашпай айталы, бүгүн биз кыргызча билбегенин, кыргызча сүйлөй албаган «жетишкендигин» айткыбыз келип туру. Бакандай министрликти жетектеп олтурат, аты-жөнү таптаза кыргызча Марат Жаманкуловду кыргызча билбейт десек ишенбейт болушуңуз керек. Ишенбесеңиз барып баарлашып көрүңүз. «Так-калып, так-калып» сүйлөгөнүнө өз көзүңүз менен күбө болосуз.

Мейли орус мектепте окуп, орусча бала бакчада тарбияланды дейли. Балекет болгон күндө деле кыргыз болуп туруп эне тилин билбегенден уялбайбы. Жок дегенде министр болгондон кийин үйрөнүүгө далалат кылбайбы! Кыргызча бир ооз сөз билбеген Феликс Кулов деле азыр кадимкидей эле сүйлөп калды го. Кокус, моюнуна албай «Жок, мен кыргызча билем» десе жооп берсин, маңдай-тескей олтуруп алып маек кылалы. Тилибиздин кычуусун кандырып. Ушундай тилин жериген жетекчи кыргызга кандай кызмат кылып аткан болушу мүмкүн? Адилет министрлигиндеги министрдин дарегине келген кыргызча каттарды орун басарлар окуп которуп берип атканын угуп атабыз. Кыргызча сүйлөп кайрылгандарга «можно по русски» деп жооп кайтарганын угуп атабыз. Деги эле бизге мындай министрдин кереги барбы өзү? Же эмне министр Марат Тургунбаевичти бала бакчадагыдай кайрадан окутушубуз керекпи? Балким, чын эле окутат чыгарбыз. Биротодо баарын башынан баштап үйрөтүп, кайрадан «сүннөткө» отургузсак кантет, ыя?!

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: