Нарын районундагы “Ат-Башы” ГЭСинде эки кызматкер токко урунуп, бирөөсү шок абалда реанимацияга түшүп, дарыланууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, кырсык 12-декабрда, саат 13:15 чамасында болгон. ГЭСтин кызматкерлери ОПНдин темир каркасын ченөө үчүн барышкан, иштеп жатканда алар токко урунуп, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Врачтын айтымында, токко урунгандын бири шок абалда келген, анын денесинин 35 пайызы күйүп калган. Жакшы болуп, жолго жүрүүгө жарап калганда Бишкектеги № 4 шаардык ооруканага которулат.
Бул факты Нарын РИИБде каттого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ