Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча үстүбүздөгү жылдын 16-декабрына карата уйдун этинин орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа – алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа – керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.
Ошентип, ноябрь айында уйдун этинин орточо чекене баасы 2019-жылдын октябрь айындагы баасы менен салыштырмалуу бир килограмы 1,96 сомго же 0,6 пайызга жогорулады, ал эми Каракол шаарында бир килограммга 13,20 сомго баанын төмөндөшү катталган. Эң көп өлчөмдө уйдун этинин баасы Токтогул шаарында килограмы – 11,27 сомго же 3,8 пайызга жана Талас шаарында килограмы – 6,66 сомго же 2,3 пайызга кымбаттады.
2019-жылдын 16-декабрына карата уйдун этинин чекене баалары үстүбүздөгү жылдын ноябрь айы менен салыштырмалуу 2,32 сомго же 0,7 пайызга өстү. Муну менен бирге, уйдун этинин баасы көп шаарларда өзгөрүүсүз сакталып калды. 16 декабрга карата эң жогорку баалар Бишкекте (бир кг – 356,81 сом), Ош (бир кг – 352,47 сом), Кара-Суу (бир кг – 350,00 сом) жана Жалал-Абад шаарларында (бир кг – 350,00 сом) болгону байкалды.
Ушул эле учурда минималдуу баалар Талас шаарында жана Покровка айылында байкалды, анда уйдун этинин баасы бир килограмга 300 сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында уйдун этинин орточо керектөөчү баалары
(бир килограмм, сом)
2019-ж. октябрь | 2019-ж. ноябрь | Четтөө: өсүүсү (+), төмөндөөсү (-) |
2019 ноябрь | 2019-ж. 16-декабрына | Четтөө: ө сүүсү (+), төмөндөөсү (-) |
|
Кыргыз Республикасы | 342,01 | 343,97 | 1,96 | 343,97 | 346,28 | 2,32 |
Каракол ш. | 320,00 | 306,80 | -13,20 | 306,80 | 304,79 | -2,00 |
Балыкчы ш. | 330,00 | 330,00 | 0,00 | 330,00 | 330,00 | 0,00 |
Кербен ш. | 317,49 | 317,49 | 0,00 | 317,49 | 317,49 | 0,00 |
Токтогул ш. | 300,00 | 311,27 | 11,27 | 311,27 | 320,00 | 8,73 |
Джалал- Абад ш. | 350,00 | 350,00 | 0,00 | 350,00 | 350,00 | 0,00 |
Чаек айылы | 330,00 | 330,00 | 0,00 | 330,00 | 330,00 | 0,00 |
Нарын ш. | 320,00 | 320,00 | 0,00 | 320,00 | 320,00 | 0,00 |
Исфана ш. | 324,96 | 324,96 | 0,00 | 324,96 | 324,96 | 0,00 |
Баткен ш. | 343,20 | 343,20 | 0,00 | 343,20 | 343,20 | 0,00 |
Кара-Суу ш. | 350,00 | 350,00 | 0,00 | 350,00 | 350,00 | 0,00 |
Ноокат ш. | 330,00 | 330,00 | 0,00 | 330,00 | 330,00 | 0,00 |
Өзгөн ш. | 330,00 | 330,00 | 0,00 | 330,00 | 330,00 | 0,00 |
Покровка айылы | 298,24 | 300,00 | 1,76 | 300,00 | 300,00 | 0,00 |
Талас ш. | 292,43 | 299,09 | 6,66 | 299,09 | 300,00 | 0,91 |
Кара-Балта ш. | 309,89 | 311,46 | 1,57 | 311,46 | 313,19 | 1,73 |
Токмок ш. | 317,20 | 320,00 | 2,80 | 320,00 | 320,00 | 0,00 |
Бишкек ш. | 349,70 | 353,33 | 3,64 | 353,33 | 356,81 | 3,48 |
Ош ш. | 350,00 | 350,00 | 0,00 | 350,00 | 352,47 | 2,47 |
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ