Бишкекте 4-кабаттан секирген 19 жаштагы кыздын абалы оор. Бул тууралуу Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору бүгүн, 16-январда билдирди.
Врачтардын айтымында, кыздын баш мээси чайкалган, көк боору жарылып кеткен. Ага операция жасалып, анын көк боору алынган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.
Эске сала кетсек, окуя кечээ, 15-январда, саат 19:00 чамасында Бишкектеги Жибек жолу проспектиси менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде болгон. Ал жердеги беш кабаттуу үйдүн 4-кабатынан М.С. аттуу кыз секирген. Окуя болгон жерге тез жардам барып, аман калган кызды Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирген. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 136-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ