Бүгүн, 7-мартта “Кырк чоро” коомдук уюмунун лидери Замир Көчөрбаев өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу бир пикирдештерине кайрылуу жасап, эртең, 8-мартта Бишкекте өтө турган гей-парадга каршы туруп, болтурбоого чакырды.
“Урматтуу баатырлар!
Өткөн жылкы 8-марттагы гейпарадды укпай калып капа болуп, гейпарад болорун билгенде барып болтурбайт элек, ким мындайга жол берди дегендер. Силерге жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Эртең дагы гейпарад өткөнү турат. Кийин укпай калдык дебегиле“, – деп кайрылды.
“Гей-парад Ак үйдүн жанында эмес, “Өчпөс оттун” жанында өтчүдөй болуп калды”, – деп кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ