Бүгүн “Хакас маданияты” сайты билдиргендей Хакасия 21-мартта “чыл пазы” – “жыл башы” майрамын белгилешет экен. Бир тууган хакастар эзелтен эле жаңы жылды жаздын күн менен түн тогошкон күнүндө белгилешип келет.
Кыргыздар деле, анын ичинен Аксынын багыш уруусу эзелтен “жыл ажыратты” майрамын 21-мартта, күн менен түн тогошкон күнү, түнү бою сүмөлөк кайнатып, ак чөлмөк ойноп тосуп келишкен жана бул майрамды СССРдин учурунда да “жыл ажыратты” деп аташкан.
Анан эле Кыргызстан көз карандысыздык алган 1991-жылдан кийин Аскар Акаев баштаган кыргыз бийлиги кыргыздын “жыл ажыратты” майрамын тажикче “нооруз” (“жаңы күн”) атап, расмий бекитип салды. Ошондон тартып кыргыздын “жыл ажыратты” майрамы тажикче “нооруз” аталып калды. Эми тажик коңшулар Баткенди талашып, расмий чиновниктери расмий жыйындарда чек ара дооматтарын коё баштады. Ушундай саясатты көрүп туруп деле кыргыздар өзүбүздүн кыргызча аталышы бар майрамды эмнеге тажикче атап алдык?
Кыргыздар качан хакас бир туугандарыбыз “чыл пазы” майрамын белгилегендей, “жыл ажыратты” майрамын белгилей башташат?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ