Бүгүн, 27-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымы боюнча, жаңы учурлар Жалал-Абаддын Сузак районунда (7 адам) жана Оштун Кара-Суу районунан – 1, Ноокат районунан – 2, Өзгөн районунан – 3 жана Ош шаарынан – 1 адам (жалпысынан 7 адам) катталган. Алардын арасынан 5 киши умрадан келген, ал эми калган 9 адам алар менен байланышта болгон. Бүгүн аныкталган 14 адамдын 10 кишиси аялдар, 4 адам эркек. Жашы боюнча 1 жаштан 68 жашка чейинки жарандар. Булардын баарынын байланыштары такталып, көзөмөлгө алынды.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча таажывирусун жуктургандардын саны 58ге жетти. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 27, Ош облусунда – 26 , Бишкек шаарында – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган) , Баткен облусунда – 1 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ