«Илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам. Чек аралар жабылганга чейин биз 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик. Азыр чек аралар жабык. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз дагы, эң биринчи мүмкүнүчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.
Мамлекет башчысы мекендештер кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулукту сактап, жасалып жаткан иштерди колдойт деген ишенимин билдирди.
«Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок, азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз. Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз. Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин ынтымагы менен, чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз жергесине аманчылык, тынчтыкты каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ