Бүгүн, 3-майда Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында 220 метр узундуктагы жээкке селден коргонуу тосмолорун куруу долбоору аяктады.
“Бул ишти биз 30-апрелде баштап, күндө саат 00:06дан тарта 20:00гө чейин иштеп, бүгүн, 3-майга бүтүрүп жатабыз. Ишке 26 жергиликтүү тургун тартылды”, – деп билдирди бүгүн, 3-майда аймактын Семет айыл башчысы Кадырбек Парманов.
“Габион торлорун жана башка курулуш материалдарын КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сатып берди, биз 26 жергиликтүү тургун кара жумушун аткардык, ал эми Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү усталардын тамак-ашын уюштуруп берди. Дегеле бизге БУУнун азык-түлүк программасы дайыма жардам берип келет. Былтыр да биздин элге 115 кап ун, 400 литр суу май тараткан”, – дейт Кадырбек Парманов.
“Кечээ, 2-майда бизге Бишкектен ӨКМдин өкүлдөрү текшерүүгө келишип, биз аткарган жумуштардын сапатына ыраазы болушуп, дагы 350 метр жерге селден коргонуу тосмолорун курууга габион торлорун жана башка курулуш материалдарын бөлүп берүүгө убада кылышты. Ал эми айыл өкмөтү курулуш техникаларын уюштуруп берүү милдетин алышты”, – дейт кубанганын жашыра албаган айыл башчысы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ